Ошто турак үй өрттөнүп, кошунасынын үйүнө да өткөн. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы кабарлады.
30-ноябрь күнү саат 20:30 чамасында Крупская көчөсүнүн дарегинде өрт чыкты.
"Өрттөн жыгач устунду тунуке менен жабылган аянты 350 чырчы метр турак үй толугу менен күйгөн, кырсыктын кесепетинен өрт Атабаев көчөсүнүн №90 дарегинде жайгашкан турак үйгө өтүп, натыйжада жыгач устунду шифер менен жабылган сарайдын 50 чарчы метр чатыры күйгөн",- деп айтылат маалыматта.
Өрт саат 20:56да чектөөгө алынып, саат 23:19да толугу менен өчүрүүлгөн.
Өрт өчүрүү иштерине 5 бөлүм тартылды.
Учурда өрттүн себеби такталууда.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн