Бугу 08, 2024
Убакыт: 01:25
USD
88.50
89.40
EUR
95.20
96.20
RUB
0.950
0.980

Ошто турак үйдөн чыккан өрттөн жанаша жайгашкан үй жана чөп күйгөн

Ошто турак үйдөн чыккан өрттөн жанаша жайгашкан үй жана чөп күйгөн


  Бүгүн, 3-сентябрда Оштун Нариман айылында турак үйдүн 2 кабаттуу сарайы 150 түк чөбү менен толук өрттөнүп кетти.  Өрттүн жалпы аянты 40 чарчап метрди түзгөн . 


Ошондой эле өрттүн жалыны ага жанаша жайгашкан экинчи турак үйдүн ашканасынын жана мончосунун чатырына өтүп күйгөн. Өрттүн чогу ошол эле учурда дагы бир турак үйдүн короосунда жаткан 100 түк беде чөпкө чачырап, ал толугу менен күйүп кеткен.


Тилсиз жоо Ош облусунун Кара-Суу районундагы Нариман а/а Нариман айылынын Ынтымак көчөсүндө орун алган. Бул тууралуу маалымат саат 05:26да түшкөн. 


Жерине КР ӨКМдин ӨКББдан жалпы 5 бөлүм тартылып, өрт саат 06:11де чектөөгө алынып, саат 07:32де толук өчүрүлгөн.

Маалыматка ылайык, өрттөн жабыркагандар жок.  Учурда өрттүн келип чыгуу себеби жана материалдык чыгым эсептелүүдө.


Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн