Ош шаарынын Жапалак айылында турак үйдөн өрт чыкты. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматы билдирет.
Алдын ала маалымат боюнча, Жапалак айылынын Жоробеков көчөсүндө жайгашкан турак үйдүн чатырынан өрт чыккандыгы тууралуу маалымат РӨКОнун нөөмөтчүсүнө саат 13:05 маалымат түшкөн.
Өрттү өчүрүүгө саат Республикалык өзүнчө куткаруу отрядынан 40 куткаруучу, саат 13:13тө Ош шаардык №12 ӨКБдан 1 бөлүм тартылган. Өрт саат 13:20да чектөөгө алынган.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн