Аяк оона 20, 2024
Убакыт: 08:29
USD
84.20
84.70
EUR
93.50
94.50
RUB
0.890
0.940

Ошто уюшкан кылмыштуу топтун жети активдүү мүчөсү кармалды

10.10.2023 15:04
904
Ошто уюшкан кылмыштуу топтун жети активдүү мүчөсү кармалды


Ошто Женго каймана аты менен белгилүү болгон Кадыр Досоновдун уюшкан кылмыштуу тобунун жети активдүү мүчөсү кармалды. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматы кабарлады.


Кылмыштуу топко мүчө дегендер Кылмыш-жаза кодексинин 261-беренесинин 2-бөлүгү ("Уюшкан топту түзүү же ага катышуу") боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында колго түшүрүлгөн.


"УКМК 28 жаштагы М.у.Х., 30 жаштагы Р.А.С. жана Ю.У., 45 жаштагы А.Ы.Б., Ош облусунун Өзгөн районун "кармайт" деген 37 жаштагы Т.И.М, 23 жаштагы А.у.Б. жана Казак деген каймана аты бар 27 жаштагы Ж.Д. аттуу Женгонун кылмыштуу тобунун мүчөлөрүн кармады", — деп айтылат билдирмеде.


Атайын кызмат уюшкан кылмыштуу топтордун мүчөлөрүн кармоо жана аларга каршы күрөш уланып жатканын кошумчалады.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн