Бугу 04, 2024
Убакыт: 01:09
USD
88.70
89.60
EUR
94.80
95.80
RUB
0.945
0.975

Ошто жергиликтүү тургундан 2 миң доллар талап кылган шектүүлөр кармалды

14.02.2024 12:43
478
Ошто жергиликтүү тургундан 2 миң доллар талап кылган шектүүлөр кармалды


Ошто опузалап акча талап кылган эки адам кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.


Маалыматка ылайык, алар коркутуу жолу менен жергиликтүү тургундан 2 миң доллар талап кылышкан.


«Шектүүлөр жабырдануучуну «Хонда Фит» унаасына салып, асфальт-бетон заводунун аймагына алып барышып, күч колдонуу менен 600 долларды алып кетишкен. Калган сумманы даярдап берүүнү талап кылышкан», - деп айтылат маалыматта.


Иликтөө иштеринин жүрүшүндө 1991-жылы туулган эки адам кармалган. Алар Ош шаарындагы убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Учурда кармалгандар тарабынан акча талап кылуунун башка фактыларын аныктоо боюнча иш-чаралар жүргүзүлүүдө.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн