Бугу 04, 2024
Убакыт: 11:44
USD
88.70
89.60
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.975

Ошто жол кырсыктан 19 жаштагы жигит мерт кетип, 3 адам жабыркады

14.07.2020 14:23
877
Ошто жол кырсыктан 19 жаштагы жигит мерт кетип, 3 адам жабыркады

 

12-июлда Ош—Гүлчө автоунаа жолунун 21-чакырымында Каратай айылында жол кырсыгы катталып, 19 жаштагы жигит каза болду. Бул тууралуу Ош облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы маалымдады. 


Маалыматка караганда, окуя 12-июлда саат 18:30 чамасында Каратай айылында болгон. Ош шаарынын 19 жаштагы тургуну Б.А. өзүнүн Ниссан-Примера автоунаасын Гүлчөдөн Ош шаарын көздөй башкарып бара жатып, жолдун четине чыгып оодарылып кеткен.


Кырсыктын кесепетинен жүргүнчү катары бара жаткан Төлөйкөн айылынын 19 жаштагы тургуну А.Н. жана Ош шаарынын 20 жаштагы тургуну А.К. Ош облустар аралык бириккен клиникалык ооруканасына жеткирилген. Ал эми Ош шаарынын 19 жаштагы тургуну Э.А. денесинен алган жаратынан улам окуя болгон жерде каза болгон.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн