Бугу 19, 2024
Убакыт: 07:02
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Оштогу тополоңго байланыштуу 25 адам милиция бөлүмүнө алынып келинди

01.09.2023 15:04
961
Оштогу тополоңго байланыштуу 25 адам милиция бөлүмүнө алынып келинди


Ош облусундагы Төлөйкөн ипподромундагы тополоңго байланыштуу 25 адам милиция бөлүмүнө алынып келинди. Бул тууралуу аталган облустун ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.


Маалыматка ылайык, жарандар коомдук тартипти бузган жана чагымчылдык жасаган деп шектелүүдө. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.


Бөлүм ооруканага медициналык жардам сурап жети адам кайрылганын, алардын бири укук коргоо кызматкери экенин белгиледи.


Кошумчалай кетсек, нөөмөт кызматына 31-август күнү саат 18.50дө белгисиз адамдар «Форд Транзит» тез жардам унаасынын айнектерин сындырып кетишкендиги тууралуу маалымат түшкөн. Факты маалыматтын электрондук реестрине катталган.


Эске салсак, Ош облусунун “Төлөйкөн” ипподромунда “Достук” жана “Ынтымак” командаларынын көк бөрү боюнча президенттик кубогунун финалы жаңжал менен аяктаган. Окуянын күбөлөрү тарткан кадрлардан тез жардам унаасы таш бараңга алынып, бардык айнектерди талкалаганын көрүүгө болот. Чогулган эл унаалардын жүрүшүнө да тоскоолдук жаратты.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн