Чын курандын 30, 2024
Убакыт: 14:44
USD
88.80
89.70
EUR
94.80
95.80
RUB
0.940
0.965

Пакистан жооп катары Ирандын аймагындагы жети объектиге сокку урду

18.01.2024 15:38
1513
Пакистан жооп катары Ирандын аймагындагы жети объектиге сокку урду


Пакистан Ирандын аймагындагы жети объектиге сокку урду. Бул тууралуу бүгүн 18-январда Пакистандын Коопсуздук кызматынын өкүлүнө таянып CNN маалымдады.

Пакистандын Тышкы иштер министрлигинин билдирүүсүндө "Ирандын Систан жана Белужистан провинциясында террористтер топтолгон жерлерге эң так координацияланган жана максатка багытталган жогорку тактыктагы аскердик соккулар урулду", - деп белгиленди. Бир нече адам жок кылынганы кабарланды.

Ошол эле учурда расмий Исламабад Иранды бир тууган өлкө деп атап, анын суверенитети менен аймактык бүтүндүгүн урматтай турганын кошумчалады.

Систан жана Белужистан провинциясынын губернаторунун орун басары Алирез Мархамати мамлекеттик телеканалга курган маегинде бейшемби күнү эртең менен Сераван шаарындагы жарылуудан кеминде жети киши каза тапканын, алардын төртөө балдар, айрымдары чет өлкөлүк жарандар экенин кошумчалады.

Сераван шаарынын чет жакасында да жарылуу болгону, ал жерде жабыркагандар катталбаганы айтылды.

Mehr агенттигинин маалыматына караганда, чабуул ракета жана учукучсуз учактар менен жасалды.

Соңку күндөрү Иран Пакистандын, Ирактын жана Сириянын аймагына сокку урган.

Расмий Тегеран Пакистанда белужистандык жикчилердин кызыкчылыгын жактаган «Жейш ал-Адл» тобу, Иракта “израилдик тыңчылардын борбору”, ал эми Сирияда “Ислам мамлекети” террордук тобунун туруму бутага алынганын билдирген. Бир нече адамдын, анын ичинде балдардын өмүрү кыйылган. 

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн