Аяк оона 29, 2024
Убакыт: 04:12
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.895
0.940

Парламент 15-мартты Аталар жана Энелер күнү деп белгилөө боюнча мыйзам долбоорун жактырды

26.06.2024 13:34
172
Парламент 15-мартты Аталар жана Энелер күнү деп белгилөө боюнча мыйзам долбоорун жактырды


26-июнда Жогорку Кеңеште “Кыргызстанда Аталар жана Энелер күнүн белгилөө жөнүндө” мыйзам долбоору каралып, экинчи жана үчүнчү окууда жактырылды.


Мыйзам долбооруна 81 депутат добуш берди. Жалпысынан 85 депутат каттоодон өткөн.


Буга чейин мыйзам долбоору биринчи окууда Кыргызстанда 15-мартты Аталар күнү деп белгилөө сунушталган.


Мыйзам долбоорунун демилгечилери: депутаттар Медербек Алиев, Кубанычбек Самаков, Элмурза Сатыбалдиев, Бактыбек Сыдыков, Акылбек Түмөнбаев, Улугбек Ормонов, Марлен Маматалиев, Айбек Маткеримов.


Аталар жана Энелер күнү эс алуу күнү болбойт.


Кыргызстанда май айынын ар үчүнчү жекшембисинде Энелер күнү белгиленет. Ал 2012-жылы президент Алмазбек Атамбаевдин демилгеси менен түзүлгөн.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн