Бугу 16, 2024
Убакыт: 10:57
USD
88.40
89.30
EUR
95.80
96.80
RUB
0.960
0.980

Парламент сырттан келгендерди Ак үйгө киргизүүгө тыюу салды деген маалыматты төгүндөдү

12.03.2020 11:47
1086
Парламент сырттан келгендерди Ак үйгө киргизүүгө тыюу салды деген маалыматты төгүндөдү


Жогорку Кеңеш жана Президенттин иш кеңсесине сырттан келгендерди киргизүүгө тыюу салынды деген маалыматтар чындыкка дал келбейт, деп билдирди парламенттин басма сөз кызматынын жетекчиси Ибраим Нуракун уулу.


Анын билдирүүсүндө, Жогорку Кеңештин төрагасы Дастан Жумабеков жыйын учурунда депутаттардын коронавирус коркунучу боюнча көтөргөн маселелерине жооп берип жатып, ЖК имаратынын ичинде массалык иш-чараларды өткөрүүгө, окуучулардын жана жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын салт болуп калган экскурсияларын өткөрүүгө убактылуу чектөө киргизилгенин гана белгилеген. 


Ал эми Жогорку Кеңештин жалпы иши мурдагыдай эле режимде уланып жатат. Фракция, комитет жыйындары, пленардык жыйындар да үзгүлтүксүз өтүүдө. Мыйзам долбоорлорун талкуулоо үчүн тиешелүү адистер, чагылдыруу үчүн журналисттер да мурдагыдай эле өз тартиби менен киргизилүүдө, деп кошумчалады Ибраим Нуракун уулу.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн