Бугу 19, 2024
Убакыт: 09:08
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Парламентте Энергетика министрлигин текшерүү үчүн комиссия түзүү сунушталды

30.06.2022 17:31
510
Парламентте Энергетика министрлигин текшерүү үчүн комиссия түзүү сунушталды


Бүгүн Жогорку Кеңештин жыйынында “Ишеним” фракциясы Энергетика министрлигин жана мекеме жетекчисинин ишмердүүлүгүн текшерүү боюнча депутаттык комиссия түзүүнү сунуштады.


Фракциянын өкүлү Чолпон Султанбекова ведомстволор кандай ишмердүүлүктү текшере турганын түшүндүрө алган жок.


Депутат Адахан Мадумаров комиссиянын ишине “Бүтүн Кыргызстан” фракциясы катышпай турганын билдирди.


"Бул Гоголь сыяктуу: Иван Иванович Иван Никифорович менен болгон майда-чүйдөсүнөн улам кантип урушуп кеткен жана ушуга байланыштуу комиссия түзгөн. Бул суроону бир жылдырып туралы. Эртең кимдир бирөө менен урушуп кетсем, биз да комиссия түзөбүзбү”, - дейт депутат Дастан Бекешев.


Депутат Марат Мураталиев Энергетика министрлигинин ишин Башкы прокуратура азыртадан эле текшерип жатканын белгиледи.


“Ишеним” фракциясынын сунушу добуш берүүгө жөнөтүлдү.


Белгилей кетсек, вице-спикер Нурбек Сыдыгалиев менен энергетика министри Доскул Бекмурзаев бир күн мурун парламент жыйынында кайым айтышып кетишкен. Чиновник депутат агасын жумушка алуудан баш тартканы үчүн андан өч алып жатканын билдирди.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн