Буудай бышкан маалда эгин талаасын чегирткелер каптап кеткен учурлар болот. Бир ордуна турбаган чегирткелер тынбай секирик жасашат. Натыйжада ал жылы дыйкандын түшүмү жакшы болбойт.
Ошол сыңары эле парламенттик шайлоо болордун алдында эле бизде бир партиядан экинчисине, андан үчүнчүсүнө секирик жасаган саясатчылар көбөйөт. Кудум эгин талаасындагы чегирткелерди көзгө элестетет. Буудай бышкан маалда эгин талаасындагы ызылдап секирген чегирткелер үчүн албетте жемиштүү учур болот, дыңкыя семиришет. Ошол сыяктуу эле партиядан партияга секирик жасаган саясатчылар да акыры мандаттуу болуп калуулары мүмкүн. Бирок, ошондон мамлекетке пайда болобу? Дыйкандын эмгегин чегирткелер талап кеткендей эле, элдин үмүтүн мындай саясатчылар уурдап келатышпайбы.
4-октябрга белгиленген парламенттик шайлоону утурлай быйыл да мындай көрүнүштөрдү көп көрдүк. Адегенде Борбордук шайлоо комиссиясына 44 партия шайлоого катышаарын билдирди. Арасында деги эле эч кимге белгисиз партиялар да болду. Ошентсе да «көптүн арасында, көчтүн карасында» атыбыз аталып калсын дешти окшойт. Бул көрүнүш деле бизде жаңылык эмес. Парламенттик шайлоодо да, президенттик шайлоодо да ушинтип адегенде жоон топ талапкерлер, партиялар шымаланып чыгат. Анан шайлоо фондун түзүү, күрөөгө тиешелүү акча каражатын коюу убактысы келгенде эле талапкербиз дегендердин 80%ы «Мен элдин, мамлекеттин кызыкчылыгы үчүн талапкерлигимди кайра алдым» деп чыгышат.
Эмне үчүн мындай тактика колдонулат? Бир гана себеби бар – «Мени менен ким соодалашат болду экен?» деген. Парламенттик шайлоолордо партия лидерлерибиз дегендер «Мага ким келип кошулат?» деп күтөт. Же болбосо «Сен партияңды жарыштан алып эле кой, мага кошул» деп сунуш кылат деген үмүттөр болот. Анан сунуш түшкөндөрү партиясын жарыштан четтетип, шадыраңдаган боюнча башка партиянын короосуна кирип кетет. «Соодасы болбой калгандары» аргасы жок өздөрү эле шайлоодон четтейт. Президенттик шайлоодо деле ушундай. «Сен талапкерлигиңди алып коюп, мага кошул. Жеңишке жетсем көңүлүңө жаккан кызматка алып барам» деген убадаларды күтүшөт. Анан жарышка ошентип жоон топ партия, талапкерлердин азыраагы гана аттанат.
Бул ирет да ошондой болду. Адегендеги 44 партиянын ичинен 17си гана тиешелүү документтерди, талаптарды так аткарганын БШК 25-августта маалымдаган. Ырас, андан кийин «Кыргызстан» партиясынын документтери «кечигип документтерди берген» деген ызы-чуу менен кайра аркага кайтарылган. Кайра 27-августта Свердлов райондук соту БШКнын чечимин жокко чыгарды. Ошентип 17 партиянын аламанга аттанышы күтүлүп турат.
Эми ошол аламанга аттанган партиялардын тизмесине бир көз жүгүртүп көрүңүзчү. Кайсынысында туруктуу бир гана партия менен узак жылдардан бери келе жаткандары бар? Албетте, андайлар бар, жок эмес. Бирок, өтө аз. Ал эми улам бир шайлоодо жаңы партиянын этегин кармай бергендери арбын. Көздөгөндөрү бирөө гана – депутаттык мандатка ээ болуу. Бул жолу биз либералдар менен социалисттердин, революционер менен аларга каршы чыгып жүргөндөрдүн да биригүүлөрүнө күбө болдук.
Демек, бизде партиялык система деген түшүнүк али калыптана элек. Өнүккөн өлкөлөрдө партиядан партияга өтө качкан көрүнүштөр жок. Алар өздөрүнүн партиясынын принциптерин, позицияларын бекем сакташат. Ошол сапат алардын өнүгүүлөрүн камсыздоодо. Ал эми бизде элдин «мамлекет оңолот, өнүгөт» деген үмүтүн ар беш жылда «чегиртке» саясатчылар жеп кетүүдө.
Канатбек Аскаров
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн