Бугу 15, 2024
Убакыт: 21:31
USD
88.40
89.30
EUR
95.30
96.30
RUB
0.960
0.980

Партиянын лидери добуш сатып алууга катышса партия шайлоодон четтетилет

09.07.2021 14:27
810
Партиянын лидери добуш сатып алууга катышса партия шайлоодон четтетилет


Борбордук шайлоо комиссиянын жетекчисинин орун басары Тынчтык Шайназаров Ош шаарындагы добуш сатып алуу аракети боюнча пикирин билдирди. Шайназаров тергөө иштеринде кылмышка партия лидерлеринин катыштыгы аныкталса жарыштан четтетүү жөнүндө чечим кабыл алынарын белгиледи.


Эгерде тергөө учурунда партиянын жетекчилиги тарабынан мыйзамсыз иштер уюштурулганы аныкталса, Борбордук шайлоо комиссиясы, Аймактык шайлоо комиссиясы партиянын тагдырын чечүүгө мүмкүнчүлүк алат”, - деди Шайназаров.


Буга чейин Ош шаардык милициясы шаардык кеңешке талапкер эки киши добуш сатып алууга шек саналып кармалганын билдирген. Күч органдары кылмышка шектүүлөр кайсы партиянын талапкерлери, өкүлдөрү экенин тактай элек.


Булак: "Азаттык" үналгысы

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн