Кечээ, 20-июнда Арменияда мөөнөтсүз парламенттик шайлоо болуп өттү.
Республиканын БШКсынын маалыматына ылайык, 30 % шайлоо участкаларындагы добуштардын 58,52 %ын алуу менен премьердин м.а. Никол Пашиняндын "Элдик келишим" партиясы алдыда бара жатат. Ал эми экс-президент Роберт Кочаряндын блогу 18,56 % менен экинчи орунду ээлеп турат.
Ошол эле учурда Кочарян шайлоонун добуштарын эсептөөдөгү жыйынтыктарга макул эместигин билдирди.
Шайлоочулардын жалпы санынын 49,4 % шайлоого катышышкан.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн