Бугу 08, 2024
Убакыт: 16:17
USD
88.50
89.40
EUR
94.80
95.80
RUB
0.955
0.975

Пенсиянын өлчөмү кескин түрдө көтөрүлөбү?

15.11.2020 14:21
1768
Пенсиянын өлчөмү кескин түрдө көтөрүлөбү?


Учурда социалдык тармактарда: "Пенсиянын өлчөмү 65%га көтөрүлөт. 5723 сомдон 9443 сомго чейин көтөрүлөт. Мындай жарлыкка президенттин м.а. Садыр Жапаров кол койду. Жарлык 2020-жылдын 1-декабрынан күчүнө кирет", - деген маалымат тарап жүрөт.


Бул боюнча президенттик аппараттын маалыматтык саясат бөлүмү билдирүү таратты. 


Билдирүүдө бул маалымат чындыкка дал келбейт деп айтылат. "Бул маалымат чындыкка дал келбейт жана жалган. Үстүбүздөгү жылы Социалдык фонд пенсияны 7 пайызга көтөрүүнү пландап жатат. Бул максаттар үчүн бюджеттен 3 миллиард сом өлчөмүндө каражат талап кылынат”, - деп айтылат маалыматта.

Теги

Пикирлер (1)

Коопсуздук коду
Таа
Ооба 26000 болот.