Жетинин айы 24, 2024
Убакыт: 12:06
USD
86.55
87.05
EUR
89.80
90.80
RUB
0.835
0.875

Петровкада 30 жаштагы жаран атасын өлтүрүүгө шектелип кармалды

16.08.2021 15:45
666
Петровкада 30 жаштагы жаран атасын өлтүрүүгө шектелип кармалды

Москва районунда өз атасын өлтүрүүгө шектүү делген жаран кармалды. Бул тууралуу Чүй милициясынын басма сөз кызматы билдирет.


Маалыматка ылайык, 2021-жылдын 12-августунда болжол менен саат 20:30дар чамаларында Москва районундук милициясына Петровка айылынын 1991-жылы туулган жашоочус А.Б. кайрылып, ал өзү жасаган күнөөсү тууралуу айтып берген.

Анда 12-август күнү болжол менен саат 03:00 чамаларында Петровка айылындагы үйлөрдүн биринде атасы экөөнүн ортосунда пикир келишпестиктен улам атасынын денесине жаракат келтирип, алган жаркатынан улам атасы окуя болгон жерде каза болгонун билдирген.


Алынган маалыматтын негизинде Моска РИИБдүн ыкчам тергөө тобу окуя болгон жерге чыгышып, бул факты кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 138-беренеси ("Ден соолукка оор зыян келтирүү") боюнча катталган.


Сотко чейинки өндүрүш иштеринин алкагында аталган кылмышка шектелип 1991-жылы туулган А.Б. камакка алынып, тиешелүү экспертизалар дайындалган.


Учурда сотко чеийнки өндүрүш иштери улантылууда.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн