Бугу 04, 2024
Убакыт: 09:16
USD
88.70
89.60
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.975

Поэзиядагы жаңы муундун музасы

21.04.2024 18:29
473
Поэзиядагы жаңы муундун музасы


(Башы өткөн санда)


Ал эми Венера Акматова сүйүү сезимдерин ого бетер деталдаштырып:


Кудуңдап кирпик-кашым санап саатын.
Күтүшөт сенин келчү жолдоруңду.
Тамыры сыздай түшөт буттарымдын,
Сен келип кармаласаң колдорумду. (В.Акматова, “Адемим” 2013) кирпик, кашка сезим бүтүп, алар “толкундап, сүйүнүп”, сүйүктүүсүн өзүнчө күткөнүн карабайсызбы! “Буттун тамырлары эмнеден улам сыздап жатат?” деген суроо өзүнөн өзү пайда болот, аргасыздан “сүйүүнүн күчү керемет” дегиң келет.


Назгүл Осмонова андан кем калышпай:
Ак денемдин аптаптуу ысык демин,
бир өзүңдөн бөлөккө келбейт бергим.
Кабыл албайт жүрөгүм башкаларды
Өбүшүүсүз бүрүшүп кургак эрдим.
же: 


Муздактыр эриндериң меникиндей,
Сагынып өзүң сүйчү алкымымды.
Таппадым таптуу колду сеникиндей
денемден сыйрып салар кайгы-муңду, - (Н.Осмонова, “Чаалыккан кыялдар” 2014) деп лирикалык каарман жашоосунда далай колду көргөнүн айтып араң токтогон. Минтип лирикалык каармандын ышкы сезимдеринин өтө эле интимдүү жактарын жылаңачтап баяндоо – натурализм. Сүйгөнүнө ашык болуудан тутанган тунук сезимдер сергек табит, жалындаган ышкы, поэтикалык эргүү менен айтылса, окурмандын да жандүйнөсүн козгоп, жүрөк кылдарын чертип, ырахат тартуулайт эле го. Ал эми жогорудагы эротикалык боёкторго чыланган саптарда жан кумарына тап коюп, кош алма, эрин, кол, чач, моюн, алкым ж.б дене мүчөлөрүнө ашык болуу, аны эзип, тамшанып баяндоонун өзү жасалма болуп, эстетикалык жагынан кунарсыз чыгып калган. Кумарланууну сүйүүнүн негизги белгиси катары натурализм менен сүрөттөөнүн өзү жаңылыш. Себеби, сүйүүнүн сырдуу табияты сырткы белгилер менен чектелбейт, махабат адамды адам кылып калыптандырган татаал парадигмалардан турган феномен. Анын философиялык маңызын чечмелеген Чыгыш поэзиясынын классикасын айтпаганда да, кыргыз поэзиясы арзуу лирикасына бай, анын нускалуу салттары да жетиштүү. Акындарыбыз айчырайлуу кермекаштардын сырткы келбетине, же кер мурут жигиттердин карылуу колдоруна азгырыла бербей, ошол өнөгөлүү көркөм-эстетикалык салттарды өздөштүрүүгө умтулушса дурус болмок. 


Өлкөбүздүн эгемендүүлүк жылдарындагы коомдук турмушунда эгерим болуп көрбөгөн социалдык-экономикалык, саясый, маданий катаклизмдер болуп өттү. Жемкор бийлик шалтурук абалга келип, анын залакасы калкка тийип, элдин жашоосу кыйындап, жумушсуздук, жакырчылык күчөгөн. Ушундай кыйын абалдан чыгуу амалын издеп, ыңырчагы ырдап, итке минген эл жумуш издеп Россия, Казакстанга сапар алды. Алардын саны азыркы күндө бир жарым миллионго жетти. Башка жер, бөтөн элде алар кыйынчылыктарды башынан өткөрүп, айрымдары мантыгып кетсе, көбү өлбөстүн күнүн көрүп, ден соолугунан ажырап, же турмуштан жолу болбой ар кандай кырдаалда кырсыкка учурап, көз жумгандары отуз жылдан бери табыт менен кайтып келип жатат. Мисалы, Статкомдун маалыматы боюнча 2021-жылы сырттан 549 табыт келсе, 2022-жылы жети айда 370 мигрант көз жумган. Бул кыргыз коому үчүн чоң көйгөй, алардын жакындары үчүн бул арылбас арман, кабырга кайыштырган кайгы. Ушул мүшкүлдү акын ырга айланткан. Н.Гургубаеванын “Груз–200” деген ыры алыста жүрүп каза болгон мекендештерине арналган:


Жүк–200... Жүз? Эки жүз? Мүмкүн миң,
Каргыш тийгир, сен канчанчы табытсың?!
Кимдин азыр чарт айрылып күлкүсү,
Кимге өчтү жанып турган жарык күн?..

Ушул жерге кан сураган, жан алган,
Кандай максат сени апкелди жетелеп?
Камгагым ай, калдаңдаган шамалдан,
Көчөтүм ай, көөнө бакка көчө элек...

Ким элең сен? Атасыңбы? Энесиң,
Же баласың үйдө жалгыз чырактай...
Кимдин азыр өрттөп жатат денесин, 
Тирүү калган айыбы өзүн чыдатпай?

Тирүү калган... Сени тирүү билгендер
Эзет өзүн, эчен жылдар эсин жейт...
Сени апкелген кул жолдорду бул жерге
Сени апкелген жолдор эми кечирбейт! - деген саптарынан лирикалык каармандын ичинен сыздап, ар бир келген сөөк канча кишини кайгыга салып, жакындарынын кан какшаган ыйын күчтүү сезимдер аркылуу туюнтуп, соңу бүтпөгөн табыттар лирикалык каармандын жандүйнөсүн алай-дүлөй кылган. Ырдын мазмунунда бардыгы камтылган. Лирикалык каарман көз жумган кишиге кайрылып, ага жаны ачып: 


Камгагым ай, калдаңдаган шамалдан
Көчөтүм ай, көөнө бакка көчө элек, - деп бир кезде турмуш шамалы айдап, бөтөн жерге келип орун-очок алып, отурукташпаган, бейтааныш калаага батып кете албаган улутташына күйүп: 


 Ким элең сен? Атасыңбы? Энесиң,
 Же баласың үйдө жалгыз чырактай... - деп ата болсо, же эне болсо артында боздоп балдары калганы, бир үйдүн чырактай баласы болсо ата-энеси кан жутуп отурганы ыр саптарынын терең катмарларына чөгөрүлгөн. Ырдагы драмалуу психологиялык маанай, трагедия нукура поэтикалык туюнтмалар, жандуу образдар менен берилген. Бул поэзиядагы жаңы сөз, жаңы образдар, жаңы стиль. Аны турмуш өзү берип жатат. Бул тарых, бул күндөр да өтөт, аны акын трагедиялуу нотадагы образ менен түбөлүүккө калтырып жатат. Акын ошону эч кимди кайталабай, индивидуалдуу стили, трагедияга жаны ачыган лирикалык каармандын кайраттуу да, кайгылуу да диалогу менен муңдуу кырдаалдын жандуу картинасын тарткан.


Турмушта болуп жаткан өзгөрүүлөрдү сергек байкоо, урунттуу учурларын, мүнөздүү белгилерин кармай билүү, мезгилдин духун сезүү менен аны образга айлантуу, өзүнүн поэтикалык дүйнөсүн жаратуу, стилине ээ болуу сыяктуу нукура искусствонун белгилери Нарсулуу Гургубаеванын “Алыстагы ак жарык” (2016) китебиндеги ырларынан таасын байкалат. “Өзүңдөн, өзгөлөрдөн, өзүмдөн да” деп аталган ырда лирикалык каарман:


Жан көрсөм, бирок кокус мүңкүрөгөн
Жанында башын жөлөп турарым чын, - деп кырсыкка кабылып, көкүрөгү муңга толгон карыпка кол сунуп, эс-учун жоготуп алсыраса оозуна суу тамызарын чын дилинен айтып жатат. Н.Гургубаеванын ырлары гуманизмге каныккан. Анын лирикалык каарманы тагдыры татаал, үй-жайсыз калып, кайырчы болуп каңгып жүргөн селсаякка да, кароосуз калган оорулууга да кол сунат, мусапыр замандаштын абыгер чеккен оор турмушун, сабыркаткан кайгы-муңун түшүнөт, ошон үчүн ага жөлөк-таяк болот. Себеби, алар башына кыйынчылык түшүп турган адамдар, алар тилемчи болуп төрөлгөн эмес, башкалардай эле алардын да бактылуу балалыгы, бактылуу учурлары болгон, кыйын заманда минтип кырсыкка кабылып турган кези – бул азыркы учурдун катаал реализми. Акын ырларында жашоодон үмүт үзүп, каңгыган, экзистенциялык кризиске кабылган адамдардын трагедиялуу образын жараткан. Акын аларды түшүнүп, аяп, ылымсып мамиле кылат. Лирикалык каарман турмушка сыртынан көз салып, үстүртөн карабайт, ал ошол кан-жини аралаш шаркырап агып жаткан турмуш дайрасында бактылуу байпагы макмалдар менен да, маңдайы кайкы, шору арылбаган бактысыздар менен да жанаша сүзүп, жуурулушуп келатат. Ошон үчүн ал алардын жакшысына сүйүнүп, жаманына күйүнөт, бардыгын бирдей кабыл алып, бирдей көрөт, сүйөт. Н.Гургубаеванын поэзиясына болмуштун маңызын, дүйнөдөгү адамдын ордун, инсандын карама-каршылыктуу табиятын, экзистенциялык жалгыздыгын философиялык өңүттөн чагылдыруу мүнөздүү. Бул кыргыз поэзиясы үчүн жаңы мазмун, жаңы образдар акындын өзүнө гана таандык интонациялык ыргактары, уйкаштары, поэтикалык сөздүгү аркылуу туюнтулуп, жаңы стиль, жаңы поэтиканы жараткан.


Нарсулуу Гургубаеванын лирикалык каарманы туулган жеринен алыста жүргөн мигрант. Ыраакта жүргөндө киндик кан тамган жерин сагынуу тууралуу төмөнкү саптарды окуп көрөлү:


Алыстыкты жазыш азыр кандай оор!
Алыстыктан арзыш сага андан оор.
Сап ичинде саргалдактай кылайган,
Санаа-сыркооң менен, журтум, аман бол!

“Келем” дебей, сенден кетүү күч алып,
Кайтаар жолдо кадамыбыз тушалып...
“Аманбыз” дейт үнү менен апамдын
Кең дүйнөнүн бир бурчунан кусалык. 


Бул ырда туулган жерин жакшы көргөнүн далилдеш үчүн көп иштерин бүтүрүүгө убада берген жасалма мотивдер жок. Алтургай сагынуу деген бир сөз жок. Ал “аманбыз” деген апанын сөзү аркылуу берилип жатат. Конкреттештирилген ушундай муңайым маанайдагы жандуу образдар менен алыста жабыгып, туулган жери көзүнөн учкан мигранттардын жалпыланган, синтезделген көркөм образы жаралган. Акындын арзуу лирикасында да өз тагдыры, өз көз карашы бар, карама-каршылыктуу мүнөзү бар индивидуалдуу лирикалык каармандын образы берилген. Жаңы турмуштук материалдарды акын өз алдынча ырга салган, өзүнө гана таандык стилин тапкан. Ошол эле учурда акындын ырлары сөз менен иштөө жагынан аксайт. “Жашалбаган”, “ыйланбаган”, “сүйүлгөн” деген орундуу эмес сөздөрдү колдонгон учурлары кездешет. 


Нуриза Өмүрбаеванын “Бейтааныш бекет” (2023) китеби акындын үчүнчү ырлар жыйнагы. “Сезим күүсү” (2008) аттуу алгачкы жыйнагына балалык, эне-ата, студенттик кез, айыл тууралуу ырлары кирген. Мисалы, “Чоң эне” аттуу ырында:


Эх, чоң эне, актай алаар бекемин,
Эмчек сүтүң болбосо да эмгегиң, - деп көп кайталанган, жаш акындар үчүн мүнөздүү болгон “карыз төлөө” мотивинен өйдө көтөрүлө алган эмес. Башкалардын таасиринде эпигончулук менен жазылган калыптануу жолундагы ырлар менен бирге “Бир тоголок кар” деген ырында автор балалык кездин бир көз ирмеминен жандуу поэтикалык дүйнө жаратканы, автордун келечегинен үмүттөндүрүп койгон. “Ай менен сырдашуу” (2013) аттуу экинчи китебинде турмуштан өзүнүн жолун издеген жаш лирикалык каарманга жолугабыз. Бул жыйнагында акындын индивидуалдуулугун көрсөткөн ырлар бар. Лирикалык каармандын баёо, таза жандүйнөсү, курбуларына, замандаштарына, айлана-чөйрөгө карата мамилеси, кыялында жашаган, көңүлүнө жаккан, сүйүүсүнө арзыган жанга болгон тунук сезимдери ыр саптарында табигый, жөнөкөй баяндалганы, ыймандай сырын жашырбай окурман менен тең бөлүшүп, агынан жарылганы менен өзүнө тартып турат. Акындын “Жазда” аттуу ырын окуп көрөлү:


Сезимим ай, жок нерсени бар кылган,
Секелектей бетин басып албырган.
Жазда жандап басып келет бир жигит,
Жалгыз гана бакыт сурап жамгырдан.

Баткак кечип көчөсүндө айылдын,
Башка жердин жамгырына чайындым.
Кол кармашып турат биздей эки жаш,
Корголошуп түбүн тигил кайыңдын.

А биз болсо басабыз жашырып сыр,
Алыстардан жагымдуу жаңырып ыр.
Алып учуп арзуунун ааламына,
А жүрөгүм сүйүүнү сагыныптыр... 


Бул чакан, жандуу психологиялык картинадан уяң, тартынчаак кыздын жаштыктын жалындаган дүйнөсүндө өз бактысын издеп, алдыдагы келечеги табышмактуу болуп турган чагы, романтикалуу маанай, анын алдыда күтүп турган сырдуу дүйнө көз алдыбызга тартылат. Акын ошол күлгүн курактын бир үзүмүн татаал метафора, ассосиацияларсыз эле жөнөкөй сөздөр, элестүү этюд менен жандуу кылып тартып салган. Ушундай жаркын поэтикалык образдарды жараткан ырлардын катарына китептеги “Издеп чыктым”, “Алгачкы кар”, “Жалгыздык”, “Күз”, “Бар күчүмдү көз жашымдан чыгардым”, “Сүрөткө”, “Жаралган жандайсың мен үчүн”, “Кайрылып кетким келди”, “Жолдо”, “Сагыныч” аттуу ырлар кирет. Ошону менен бирге жыйнакта кемчиликтер да кездешет. Алсак, акын айрым учурда учкун сыяктуу жылт этип, жанып өчкөн сезимдерди олуттуу ой катары берүүгө умтулган, карандай эмоцияны ырга айланткан учурлары бар.


Акындын үчүнчү китеби “Бейтааныш бекет”. Ушул эки жыйнактын ортосунда он жыл аралык жатат. Автор үчүн бул мезгил түйшүктүү изденүү жылдары болгонун бул чакан китеп далилдеп турат. “Бейтааныш бекет” адабий чөйрөдө кызыгуу жараткан жыйнак болду. Китепке карата жазуучу С.Раев, адабиятчылар Ү.Култаева, Э.Нурушев, Р.Исмаилова, Ж.Турдубаев, журналист А.Кожоевдер жакшы баа беришкен. Бул азыркы учур үчүн сейрек көрүнүш. Биз сөз кылып жаткан постсоветтик мезгилде адабиятка келип кошулган жоон топ жаш акындардын биринин китеби да адабий чөйрөдө мындай жандуу кабыл алынып, резонанс жараткан эмес. Мунун сыры эмнеде? Н.Өмүрбаеванын ырлары алыста жүргөн мусапыр мигранттын бөтөн жер, башка элдеги тагдыр тарткылыгын баяндайт:


Курчап турса сүйүү багы – кайың бак,
кусалыктан куруп турган жайымды айт.
Чок баскандай жүрөгүмдү куйкалап, 
чоочун сезим көңүлүмдү байырлайт.

Тирүүлүктө түйшүгү көп бүтпөгөн,
ызалыктын баарын жеңип күч менен. 
Чоң турмуштун агымында сүзөмүн,
чоочун көздөр чоочунсунтуп тиктеген.

Бул чөлкөмдө чоңойбогом, туулбагам.
Эмне берип, эмнени алат бул кадам?..
Чоочун жердин шамалындай шуулдап,
Чоочун күндөр өтөт жашты уурдаган, - деп ырга салып, алдыдагы белгисиздиктен апкаарып, чоочун дүйнөдөн чоочуган жаш адамдын жандүйнөсүндөгү процесстер, сагыныч кусалыгы, арзуусу автор тарабынан психологиялык жактан таамай кармалган. Бейтааныш эл, бөтөн шаар эле эмес, ал аймактын мезгили да ага чоочун болгон жерде өмүр көчүн уланткан лирикалык каарман “Жаштыгыбыз талаа-түздө короду” деп турмуштун шамалы айдап, чет жерде жүргөн бүтүндөй бир муундун тагдырын айтып жатат. “Чоочун күндөр” деп аталган бул ырда башка жерге келген адамдын ички дүйнөсүндөгү санаркоолору, күдүк ойлору жандуу чагылдырылып, таасирдүү чыккан.


 Нуриза Өмүрбаева “Бейтааныш бекет” китебинде өзүнүн поэтикалык дүйнөсүн жарата алган. Жыйнактагы ырларда турмуштун татаал жолдорун басып өткөн, жашоонун өйдө-төмөнүнө калчанып, бороонуна тотугуп чыйралган, карама-каршылыктуу ойлонгон лирикалык каармандын тагдырына жолугабыз. Алыстагы лирикалык каармандын жалгыздыгы, кусалыгы, сүйгөн адамы менен ажырашуусу, күйүтү, драмасы Н.Өмүрбаеванын ырларынын туруктуу мотивдери. Ошон үчүн ал “Жүрөккө” деген ырында:


 Тарта берип сүйүү азабын,
 өзүм дагы абдан жүдөдүм, - деп ыймандай сырын жашырбай ачык айтат. Автордун ырларынын мазмунун ажырашуу, күтүү, арылбас арман, сабыркатып саргайткан кусалык, жетпей калган сүйүүнүн азабы, кайгы-муңу сыяктуу мотивдер түзөт. Н.Өмүрбаева ырларында окурман менен ачык-айкын аңгеме-дүкөн куруп, ыймандай сырын айтат. Бул карапайым адамдын жашоосу, жалгыздыгы, чарчоосу – ошон үчүн ал окурманга жакын. Лирикалык каармандын сүйүүнүн азабын тартканы экзистенциялык жапа чегүү катары кабыл алынат. Акындын ырларында адамдын башына келген трагедиялуу сүйүү аны ыбырсыган күнүмдүк турмуштан өйдө көтөрүп, руханий кудуретин, моралдык туруктуулугун сынап, өзү менен өзү болуусун жашоонун маңызы катары чагылдырылган. Сүйүүдөн жабыккан адамдын жандүйнөсүндөгү сырларын, ышкылуу сезимдерин, кыйчалыш тагдырын агынан жарылып, муңдуу интонация, көңүл чөккөн маанайда өзүнө гана таандык стили менен баяндаган. “Бороондуу бекеттин” образдарынын жаңылыгы да, ийгилигинин ачкычы да мына ушунда.


 Жыйынтыктап айтканда, постсоветтик мезгилде адабиятка келип кошулган муундун поэзиясында мезгилдин духун кармаган, жаңы мазмунду чагылдырган, жаңы поэтикалык образдар, жаңы туюнтуу каражаттары менен байыткан көрүнүштөр бир муундун тагдырын жалпылаштырып, синтездеп ырга салган идеялык-көркөмдүк табылгалар, аздыр-көптүр ийгиликтер менен бирге интеллектуалдык-эстетикалык инфантилизмдин, профессионалдык дилетантизмдин айынан эпигончулуктан өйдө көтөрүлө албаган көрүнүштөр көп. Граждандык лириканын актуалдуулугун жамынып, мекен, ата-эне, айыл, өлкө, туулган жер, нооруз, рамазан, эгемендүүлүк, эркиндик сыяктуу дежурный темаларды, диний мотивдерди эрмектеп, трафарет образдарды даяр калыптарга салып ыр чүргөгөн ышкыбоздор сайдын ташындай көбөйдү. Мунун эң негизги себеби, авторлор стереотиптүү ой жүгүртүү, китептик таасирлер менен чектелгенинде. Анткени поэзиядагы орто деңгээл төмөндөп, мурдагыдай катуу талаптар коюлбай, соцтармак аркылуу ыр жарыялоо, окурманга жетүү абдан оңой болуп, сөздү аздектеген чыгармачылыктын кунун кетирди. Жалпы эле адабиятка карата болгон мамиле, көз караш өзгөрдү, критерийлер майдаланды, талап төмөндөдү, жакшы менен жамандын ажырымы болбой калды. Ушундан улам өзүнө катуу талап коюп, чаалыкпай изденген калемгерлердин катары кескин азайды. Чыгармачылык тагдыр күтүп, поэзияга олуттуу мамиле жасап, дүйнөлүк адабияттын көркөм дөөлөттөрүн терең өздөштүрүп, турмуштун казанында кайнап, заманды зирек кабылдаган, изденүүнүн түйшүктүү жолуна түшкөн акын гана мезгил, турмуш, өмүр, өлүм, сүйүү сыяктуу түбөлүктүү темаларда философиялык жалпылоолорго жетишип, адабиятка өзүнчө чыйыр салып, өзүнүн сөзүн айтарында шек жок. Себеби, адабият мурдагыдай көпчүлүктүн иши эмес, идеологияга да көз каранды эмес, ал жеке автордун, инсандын табияты, тагдыры, жалпы эле болмуш, дүйнө тууралуу ой терметүүлөрүн, таасирлерин, ички сезимдерин, көз караштарын образ аркылуу эркин чагылдырган эстетикалык көркөм туунду.


Аскар Медетов, филология илимдеринин кандидаты
Булак: "Азия Ньюс" гезити

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн