Бугу 19, 2024
Убакыт: 21:50
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Премьер-министр эпидемиянын экинчи толкунуна карата даярдык тууралуу айтып берди

11.08.2020 15:46
1005
Премьер-министр эпидемиянын экинчи толкунуна карата даярдык тууралуу айтып берди


Премьер-министр Кубатбек Боронов 11-августтагы брифингде эпидемиянын экинчи толкунуна карата даярдык тууралуу айтып берди. 


Анын айтымында, 1-октябрга чейин саламаттык сактоо уюмдарына дары-дармек, ЖКК, дезинфекция каражаттары, антисептиктер жана башкалардын 3 айлык бөксөрбөс запасын камдоо пландаштырылууда. 


"1-октябрга чейин дары-дармектердин стратегиялык запасын түзүү үчүн Матрезерв фондуна республикалык бюджеттен каралууда. Учурда 15 000 бейтапка бир нече позициядан турган дарылардын муктаждыгын камсыздоо боюнча жумушчу топ түзүлдү”, - деди ал. 


Өкмөт башчы белгилегендей, сезондуу гриппке каршы алдын алуучу вакциналарды сатып алуу иштерине республикалык бюджеттен 200 млн сом бөлүнүп берилди.


Медицина кызматкерлерин реабилитациялоо – колдоо иштери уюштурулуп жатат. Медкызматкерлердин компенсациялык төлөмдөрү өз убагында төлөнүүдө. Бүгүнкү күнгө чейин – 807 млн сом жумшалды, Анын ичинен, июлда айлык маянага кошумча төлөм катары – 424 млн сом республикалык бюджеттен берилди.  Медициналык адистерди кайра даярдоо, квалификациясын жогорулатуу, кыска курстардан окутуу иштери үзгүлтүксүз жүрүүдө. 

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн