Бугу 02, 2024
Убакыт: 11:56
USD
88.80
89.70
EUR
94.70
95.70
RUB
0.940
0.965

Президент: Акча коррупционерлердин чөнтөгүнө эмес, бюджетке түшөт

25.11.2022 12:12
305
Президент: Акча коррупционерлердин чөнтөгүнө эмес, бюджетке түшөт

Бишкектеги Токтогул Сатылганов атындагы улуттук филармонияда биринчи Элдик курултай өтүп жатат.


Курултайда президент Садыр Жапаров сөз сүйлөп, жемкорлук тууралуу кеп кылды.


“Элдик курултайда талкуулана турган негизги маселелердин бири – коррупциянын кесепети жана аны алдын алуу иштерине басым жасоого жапа тырмак киришүү. Эгер элибиз коррупционерлерди тууганым, жердешим эле деп коргой берсе, анда биз бул илдеттен эч качан кутула албайбыз. Элдик мүлккө кол салгандарды жалпы жектесек, аларга болушпасак, “коррупционерсиңби, мыйзам алдында жазаңды тарт” десек, ошондо гана аны жеңе алабыз”, - дейт өлкө башчы.


Белгилей кетсек, Бишкекте президент Садыр Жапаровдун катышуусунда биринчи Элдик курултай өтүп жатат. Ага өлкөнүн бардык облустарынан жана аймактарынан 1000ден ашуун делегат, ошондой эле Жогорку Кеңештин депутаттары, министрлер кабинетинин мүчөлөрү жана өлкөнүн мамлекеттик органдарынын жетекчилери катышууда.


Иш-чара эки күн — 25-26-ноябрга созулат.


Курултайдын жыйынтыгы боюнча биринчи элдик Курултайдын резолюциясы кабыл алынат.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн