Тогуздун айы 09, 2024
Убакыт: 16:21
USD
85.10
85.60
EUR
92.70
93.70
RUB
0.875
0.915

Президент Асман шаары толугу менен инвесторлордун каражатынан куруларын белгиледи

30.06.2023 15:06
277
Президент Асман шаары толугу менен инвесторлордун каражатынан куруларын белгиледи


Асман шаарынын долбооруна жана анын курулушунун башталышына өлкө казынасынан бир дагы тыйын кеткен жок. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров Ысык-Көл облусундагы экологиялык шаардын курулушунун башталышына мезгил кутусун салуу аземинде билдирди

Мамлекет башчысы себеби, мындай ири долбоорду ишке ашырууга катышууга кызыккан сырткы инвесторлор бар экендигин айты.

"1,5 жылдан бери акылдуу шаардын бир нече долбоору даярдалды. Бүгүн биз конкреттүү инвесторлор менен Асман экологиялык шаарын курууга капсула салууга изги ой-тилек, жакшы максаттарды коюп, ири долбоорду “быссымылда” деп баштап жатабыз.

Учурунда Арабияда Неом, Эмираттарда Маздар Сити, Швецияда Вестерн Харбор, Кытайда Күнөстүү өрөөн сындуу туруктуу өнүгүүгө багытталган долбоорлор ишке ашкан жана азыркы кезде дагы ийгиликтүү өнүгүүдө.

Андыктан, аталган өлкөлөрдүн ой-кыялдары реалдуулукка айланып, дүйнө элин суктандырып, башкаларга үлгү боло алды. Демек, биз дагы Асман шаарын кура алабыз!", - деди президент.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн