Президент Садыр Жапаров Башкы прокуратуранын имаратынын курулушуна мезгил кутусун салды. Бул тууралуу мамлекет башчынын маалымат кызматы билдирди.
Ага ылайык, жети кабаттуу имарат 20 миң чарчы метр жерди ээлейт. Анда 200 орундуу эки деңгээлдүү жер астындагы унаа токтотуучу жай болору айтылды.
Президент акыркы жылдарда Нарын, Талас, Ош жана Чүй облустарында кызматтык батирлер салынып, бир катар аймактык прокуратуралардын имараттары жаңыланганын, прокурорлордун маянасы жогорулап, иштөө үчүн бардык шарттар түзүлгөнүн белгиледи.
"Биз бүгүн мезгил кутусу аркылуу келечек муундарга кайрылып, жаңы Кыргызстанда укуктук тартип, мыйзам жана адилеттүүлүк өлкөбүздүн негизги баалуулуктары боло тургандыгын жар салдык", — деди Садыр Жапаров.
Курулушту 2026-жылы аяктоо пландалып жатканы кошумчаланды.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн