Аяк оона 21, 2024
Убакыт: 06:00
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.900
0.940

Президент Коргоо министрлигине "жерлерибизди берип салды" дегендерди Баткенге алып барып кызмат кылдыруу тапшырмасын берди

26.09.2022 12:15
627
Президент Коргоо министрлигине "жерлерибизди берип салды" дегендерди Баткенге алып барып кызмат кылдыруу тапшырмасын берди

Президент Садыр Жапаров коргоо министрине “Кыргызстан чек ара заставаларын алып салды, жерлерибизди берип салды” деп соцтармактарда жалган, так эмес маалымат тараткан жарандардын баарын “резервдик ротага” мобилизация кылып, Баткенге алып барып курал-жарак берип, аскерлер менен заставаларда делимитация, демаркация иштери бүткөнгө чейин кызмат кылдыргыла”,- деген тапшырманы берди.   Бул тууралуу Президенттин администрациясынын маалыматтык саясат бөлүмүнүн башчысы Дайырбек Орунбеков билдирди.


"Эгер бир метр жерибизди берип жаткан болсок, дал ошол жерге барып “мына ушул жерибизди берип жатышат” деп айтып чыгышсын. Жалган маалыматтарды тараткандар өздөрү барып, өз көздөрү менен көрүп турушсун.


Эки жак тең бири-бирине бетме-бет жакын жайгашкан заставаларды алып салышты. Анткени ал жерлерде дайыма болор-болбос эле нерселерден ок атышуулар башталып, чоң кагылышууга айланып кеткен учурлардан улам эки жак сүйлөшүп, ушундай чечимге келишти",- деп айтылат Орунбековдун билдирүүсүндө.



Буга чейин Камчыбек Ташиев аталган пост жана чек ара заставасы кыргыз-тажик чек арасы толук чечилип, делимитация менен демаркация иштери бүткөнчө убактылуу алынарын билдирген.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн