Бугу 15, 2024
Убакыт: 22:48
USD
88.40
89.30
EUR
95.30
96.30
RUB
0.960
0.980

Президент Ош облустук "Төлөйкөн" ат майданынын капиталдык реконструкциялоо иштеринин жүрүшү менен таанышты

30.07.2023 14:19
539
Президент Ош облустук "Төлөйкөн" ат майданынын капиталдык реконструкциялоо иштеринин жүрүшү менен таанышты


Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 30-июлда, Ош шаарына жана Ош облусуна болгон жумушчу сапарынын алкагында Ош облустук "Төлөйкөн" ат майданын капиталдык реконструкциялоо иштеринин жүрүшү менен таанышты.

Мамлекет башчысына быйыл спорт объектисин капиталдык реконструкциялоого республикалык бюджеттен 45 миллион сом бөлүнгөнү туурасында маалымат берилди.

Бүгүнкү күндө иштердин негизги бөлүгү аяктады. Реконструкциялоо долбоорунда төмөнкүлөр каралган:
- жаңы конференц-зал куруу;
- ат чабыш жолуна жана көк-бөрү оюн талаасына кум төгүү;
- негизги трибунаны капиталдык оңдоп-түзөө, жаңы 4040 орундук жана кошумча трибунанын үстүнө бастырма орнотуу;
- сырткы жарыктандырууну орнотуу;
- жаңы тосмолорду орнотуу.

Садыр Жапаров курулуш иштеринин жүрүшүн канааттануу менен белгилеп, ат майданын капиталдык реконструкциялоону белгиленген мөөнөттө аяктоону тапшырды. 31-август - Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүк күнүнө карата аталган ат майданда алгачкы майрамдык иш-чаралар өткөрүлөт.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн