Чын курандын 27, 2024
Убакыт: 08:38
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.955
0.980

Президент Садыр Жапаров Түптүн акими Каныбек Адиевге сөгүш берди

30.05.2023 14:26
366
Президент Садыр Жапаров Түптүн акими Каныбек Адиевге сөгүш берди


Президент Садыр Жапаров Ысык-Көл облусунун Түп районунун мамлекеттик администрациясынын жетекчиси аким Каныбек Адиевге сөгүш берди. Бул тууралуу мамлекет башчынын маалымат катчысы Эрбол Султанбаев маалымдады.

Президент Түп айыл өкмөтүнүн башчысына да сөгүш берүүнү тапшырган. Буга кышында жолго себилген кумдарды жана жол жээгиндеги таштандыларды алып чыкпаганы себеп болгону айтылды. Мындай көрүнүшкө айрыкча туристтик маалдын алдында жол берилбеш керектиги белгиленди.

"Бул жергиликтүү бийликтин бардык жетекчилери үчүн эскертүү. Президент Жапаров туристтик сезонго даярдыкты шаарларда, район борборлорундагы, өзгөчө борбордук көчөлөрдөгү тазалыктын сакталышын күтүүсүз текшерүүгө алат", — деп айтылган билдирүүдө.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн