Бишкектеги эски аянтта Курман айтка карата окулган майрамдык намазга президент Садыр Жапаров катышты.
Намазга өлкөнүн жогорку жетекчилиги, дин өкүлдөрү, ошондой эле он миңдеген кыргызстандыктар чогулушту.
Коомдук тартипти 2000ден ашуун милиция кызматкерлери көзөмөлгө алды. Эч кандай мыйзам бузуулар жана окуялар катталган жок.
Буга чейин Шаардык ички иштер башкармалыгы Айт намазга 10 миңден ашуун адам катышканын билдирген.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн