Президент Садыр Жапаров бүгүн, 10-декабрда Ысык-Көл облусуна жумуш сапары менен барат. Бул тууралуу президенттин басма сөз катчысы Аскат Алагөзов социалдык тармактагы баракчасына жазды.
Анын маалыматына караганда, сапардын жүрүшүндө мамлекет башчысы капиталдык реконструкциядан өткөн “Каракол” эл аралык аэропортун ачат.
Аэропорттун ачылышы УТРКнын түз эфиринде жана социалдык тармактардагы баракчаларда көрсөтүлөт.
Түз алып баруунун башталышы болжол менен саат 13:00.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн