Аяк оона 21, 2024
Убакыт: 06:14
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.900
0.940

Президент Тажикстандын кол салуусунан талкаланган үйлөр жаңы жылга чейин курулуп бүтүшүн тапшырды

26.09.2022 13:17
445
Президент Тажикстандын кол салуусунан талкаланган үйлөр жаңы жылга чейин курулуп бүтүшүн тапшырды

Президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен үстүбүздөгү жылдын 14-17-сентябрында кыргыз-тажик чек арасынын чегиндеги айылдарда жабыркаган турак жайларды калыбына келтирүү иштери башталды. Бул тууралуу президенттин басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев маалымдады.

Ал тапшырмага ылайык, үйлөр жаңы жылга чейин курулуп бүтүшү керектигин кошумчалады.

Эске салсак, Тажикстан Республикасы тарабынан пландалган куралдуу кол салуунун натыйжасында Кыргызстандын 62 жараны курман болуп, 198 адам ар кандай оордуктагы жаракаттарды алышкан жана 140 миңден ашуун жергиликтүү тургун эвакуацияланган.

Ошондой эле 374 турак-жай, 171 чарбалык объект, 10 социалдык объект (5 мектеп, 2 бала бакча, 3 медициналык мекеме), 153 турмуш-тиричиликти камсыздоо объектилери талкаланган жана жабыркаган.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн