Чын курандын 27, 2024
Убакыт: 07:23
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.955
0.980

Президент бизнеске бут тоскондорду айыптады

24.01.2020 10:48
701
Президент бизнеске бут тоскондорду айыптады

Бүгүн, 24-январда өтүп жаткан Коопсуздук кеңешинин жыйынында  президент Сооронбай Жээнбеков айрым мамлекеттик органдар ата-мекендик жана чет элдик бизнеске бут тосуп жатышканын катуу айтты.

 

Сооронбай Жээнбеков 2019-жылы коррупцияга шектелип Мамэкотехникалык инспекциясынын 6 кызматкери кармалганын эске салып: “Арасында мамлекеттин кишиси отурганына карабай, алар биздин жарандардан, ишкерлерден ири суммадагы акча талап кылышкан. Маалыматка караганда, ишкерлерден системалык түрдө пара алууга бул инспекциянын бүтүндөй башкармалыгы аралашкан десек да болот. Кармалгандар Мамлекеттик экотехинспекциянын жетекчилери менен бир имаратта, бир кабатта катарлаш иштешкен”.

Эске сала кетсек УКМКнын коррупцияга каршы кызматы Экология жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясынын кызмат адамдарынын тобун кылтакка илишкен. Бул топ туруктуу схема боюнча системалык түрдө пара алып келишкен. Аларга 319 (коррупция) жана 325 (пара алуу) беренелери боюнча кылмыш иши козголгон. Алсак, 2019-жылдын 11-декабрында 2000 доллар пара алып, аны бөлүштүрүп жатканда, ушул мекеменин башкы инспектору кармалган.

 

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн