Чын курандын 19, 2024
Убакыт: 15:50
USD
89.10
89.87
EUR
94.30
95.30
RUB
0.940
0.960

Президент кыргыз-эмират кызматташтыктыгын өнүктүрүүнү талкуулады

18.05.2022 00:22
569
Президент кыргыз-эмират кызматташтыктыгын өнүктүрүүнү талкуулады

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров  17-майда, Абу-Даби шаарында экономикалык кызматташтык боюнча экономикалык кызматташтык боюнча Кыргыз-Эмират өкмөт аралык комиссиясынын теңтөрагасы, Бириккен Араб Эмираттарынын энергетика жана инфраструктура министри Сухэйл Аль Мазурэй менен жолугушту. Бул тууралуу президенттин администрациясынын маалымат саясат бөлүмү билдирет.


Кыргыз-эмират кызматташтыгынын соода-экономикалык жана инвестициялык чөйрөлөрдө кызматташтыгын активдештирүү боюнча пикир алмашуу болду.


Аны менен катар, Кыргызстандагы инвестициялык климатты жакшыртуу жана бул багытта БАЭ тажрыйбасын колдонуу боюнча иш тобунун ишмердүүлүгүн активдештирүү зарылдыгына өзгөчө көңүл бурулду.


Ошондой эле, меймандарга тийиштүү шарттарды түзүү менен БАЭден Кыргызстанга туристтерди тартуу боюнча маселелер талкууланды.


Аны менен бирге, алдыдагы жогорку деңгээлдеги визиттердин мазмундук бөлүгүн байытуу боюнча даярдык талкууланды.


Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн