Жалган курандын 29, 2024
Убакыт: 05:20
USD
89.40
89.87
EUR
96.20
97.20
RUB
0.960
0.985

Президент облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн дайындады

22.07.2021 15:47
520
Президент облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн дайындады

Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаров кол койгон Жарлыкка ылайык, Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү дайындалды.


Президенттин басма сөз кызматынан кабарлашкандай, Жарлыктарга ылайык:


- Алимбаев Абдикарим Карбекович Кыргыз Республикасынын президентинин Кыргыз Республикасынын Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп дайындалды;


- Ашимбаев Сабыркул Абасович Кыргыз Республикасынын президентинин Кыргыз Республикасынын Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп дайындалды;


- Жамалдинов Зиядин Исламович Кыргыз Республикасынын президентинин Кыргыз Республикасынын Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп дайындалды;


- Кожоев Мирбек Кокулбаевич Кыргыз Республикасынын президентинин Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп дайындалды;


- Нарбеков Бакытбек Наркулович Кыргыз Республикасынын президентинин Кыргыз Республикасынын Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп дайындалды;


- Сыргабаев Абсаттар Токтогулович Кыргыз Республикасынын президентинин Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп дайындалды;


- Тентишев Эркин Саткынбаевич Кыргыз Республикасынын президентинин Кыргыз Республикасынын Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп дайындалды.


Эске салсак, буга чейин Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаровдун Жарлыгы менен натыйжалуу мамлекеттик башкарууну камсыздоо, аймактарда мамлекеттик саясатты ишке ашыруу, мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишин координациялоо максатында, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү институту Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн институту болуп кайра түзүлгөн.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн