Жетинин айы 23, 2024
Убакыт: 04:34
USD
86.55
87.05
EUR
89.80
90.80
RUB
0.830
0.875

Президентке кат жазган маданият ишмери кат бурмаланганын билдирди

16.09.2021 16:25
997
Президентке кат жазган маданият ишмери кат бурмаланганын билдирди

Өлкөдө айрым саясатчылар бийликти күч менен басып алууга аракет кылып жатат деп президент Садыр Жапаровго кат жазган Сонунбү Кадырова кат бурмаланганын билдирди. Бул тууралуу ал "Супер.кг" порталына кабарлады.


"Өлкөнүн тынчтыгына салым кошуу максатында айрым маданият кызматкерлери менен телефон аркылуу сүйлөшүп, макулдугун алуу менен кайрылуу катын жазгам. Мен аларга өлкөдө митинг болбосун, тынчтыкта жашайлы деп кайрылуунун мазмунун түшүндүрүп бергем, бирок толук окуп берген эмесмин. Алар макулдугун беришкендиктен, кайрылуунун тушуна аты-жөнүн жана телефон аркылуу макул экендигин жазгам. Ошентип кайрылууну президентке бергени кетип баратсам, Венера Пирматовага жолугуп калып ага да айтып түшүндүргөм. Ал дагы макулдугун берип, кол койгон. Ошондо кол койгондордон экөөбүз болдук, анан кайрылууну почта кутучасына таштап койгом.


Негизи кайрылуу эки беттен турат. Кийин интернетке тарап кеткен кайрылууну карасам, биринчи бети өзгөрүп кетиптир. Ортодо катты алып, өзү каалаган адамдары кошуп, өзүнүн кызыкчылыгына пайдаланган адамдар болуп жатат. Биринчиден, мен кайрылууга бир гана Туйгуналы Абдраимовду жазгам, башка саясатчыларды жазган эмесмин. Алардын эмне кылып жаткандарын да билбейм. Курал-жарак деген жактары да мага тиешелүү эмес.

Экинчиден, ал кайрылуу түздөн-түз президентке барышы керек эле. Эмне болуп интернетке тарап кеткени мага дагы табышмак болуп жатат. Ким аркылуу тараганын иликтеш керек. Мен өзүм жакында парламенттик шайлоого партияны жетектеп барайын деп жаткам. Эгерде мени барбасын деп атайын уюштурулган топ болсо, мен барбай деле коём.


Мен элдин тынчтыгын бузгандыгымды моюнума коюп беришсе, жооп берүүгө даярмын. Бул кайрылуунун ушунчалык маанилүү болуп кеткенине таң калып жатам. Кайрылуумду өзгөртүп интернетке таркаткан адам табылса, аны менен маңдай-тескей отуруп алып сүйлөшөт элем. Ошондо маселе чечилет эле", - дейт Кадырова.


Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн