Президенттик аппараттын мурдагы башчысы Данияр Нарымбаевдин абалы оор. Бул тууралуу АКИpress агенттиги өздүк булактарына таянып билдирди
Нарымбаев 13-июлда "Бикард" клиникасына оор абалда жеткирилген. Ал кан басымы көтөрүлүп, төшү ооруп, кичине эле күч келсе демигип, жөтөлүп, кан аралаш какырык чыгып жатканына даттанган.
Ага жүрөк оорусу, II баскычтагы гипертония оорусу, эки тараптуу пневмония деген диагноз коюлду. Пневмонияга байланыштуу учурда операция жасоого мүмкүн болбой жатканы да айтылган.
Пикирлер (2)