10-январдагы президенттик шайлоого катышуу үчүн Борбордук шайлоо комиссиясына (БШК) арыз менен кайрылган саясатчылардын саны төрткө жетти. Бул тууралуу БШКдан кабарлады. Алар:
1. Арстанбек Абдылдаев (Арстан Алай), 1968-жылы туулган, «Аурдин» ЖЧКсынын директору;
2. Кубан Чороев, 1981-жылы туулган, «Байыркы көчмөн цивилизациясы» тарыхый-маданий мурасты жана рухту кайра жаратуу» коомдук фондунун төрагасы;
3. Адахан Мадумаров, 1965-жылы туулган, «Бүтүн Кыргызстан» саясий партиясынын төрагасы;
4. Назарбек Нышанов, 1961-жылы туулган, «Лига-Антикризис» коомдук бирикмесинин президенти.
Пикирлер (4)