Бугу 15, 2024
Убакыт: 13:40
USD
88.40
89.30
EUR
95.30
96.30
RUB
0.960
0.980

Президенттин 285 жарлыгы, өкмөттүн 2 миң 875 токтому күчүн жоготту

20.01.2022 14:59
759
Президенттин 285 жарлыгы, өкмөттүн 2 миң 875 токтому күчүн жоготту

1991-жылдан бери президенттин 285 жарлыгы, өкмөттүн 2 миң 875 токтому күчүн жоготту. Бул тууралуу журналисттерге юстиция министринин биринчи орун басары Зария Аскарова билдирди.


Анын айтымында, өткөн жылы президент Садыр Жапаров министрлер кабинетинин алдына мыйзамдардын ишин жакшыртуу жана оптималдаштыруу максатында бардык мыйзамдарды жана мыйзам алдындагы актыларды, ошондой эле жарлыктарды жана токтомдорду масштабдуу инвентаризациялоодон өткөрүү боюнча так тапшырма койгон.


“Президент тарабынан коюлган тапшырманы ишке ашыруу максатында ведомстволор аралык жумушчу топ түзүлүп, анын курамына жарандык коомдун, бизнес-коомчулуктун өкүлдөрү жана эксперттер да кирген. Жумушчу топ ар бир мыйзамды, жарлыкты жана мыйзам алдындагы актыларды ийне-жибине чейин изилдеп чыкты. Ишти профессионалдуу кылуу үчүн Юстиция министрлиги жумушчу топтун мүчөлөрү үчүн колдонмолор иштелип чыккан”, - деп белгиледи ал.



Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн