Касмамбетов Сүйүнбек Сапарбекович Президенттин Аппаратынын жетекчиси болуп дайындалды. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы 19-октябрда билдирди.
Маалыматка караганда, тийиштүү жарлыкка президенттин милдетин аткаруучу Садыр Жапаров кол койду.
Садыр Жапаровдун дагы бир жарлыгына ылайык, Президенттин Аппаратынын жетекчиси болуп келген Кененбаев Алмаз Муканович ээлеген кызматынан бошотулду.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн