Чын курандын 30, 2024
Убакыт: 02:28
USD
88.80
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.945
0.970

Президенттин администрациясы "Сорос-Кыргызстан" фондунун жабылышы тууралуу үн катты

16.04.2024 16:48
137
Президенттин администрациясы "Сорос-Кыргызстан" фондунун жабылышы тууралуу үн катты


Кыргызстандын президенттик администрациясы "Сорос" фонду эмне себептен жабылып жатканына келтирген жүйөсүн таң калуу менен кабыл алганын кабарлады.


Президенттик администрация белгилегендей, фонддун жабылары уюмдун кызматкерлерине жана активисттерге көптөн бери эле маалым болчу.


"Андыктан президенттик администрация коммерциялык эмес уюмдар тууралуу жаңы мыйзамдын кабыл алынышы себеп болду деген жүйөнү таң калуу менен кабыл алды", — деди администрация.


Маалыматка караганда, соңку жылдары Соростун жакындары фонддун ишке болгон мамилесин карап чыгып, дүйнөнүн көптөгөн өлкөлөрүндө ишмердүүлүгүн токтотууда. Алар Украина менен Грузиядан башка Борбор Азия жана Чыгыш Европа өлкөлөрүндөгү кеңселерин жапкан. Көптөгөн аймактык долбоорлор жарым-жартылай же толугу менен токтотулган.


"Президенттин администрациясы эгемендүүлүктүн алгачкы 30 жылында "Сорос-Кыргызстан" фондунун өлкөдө мыйзамдуулукту бекемдөөгө жана жарандык коомду өнүктүрүүгө кошкон олуттуу салымын жогору баалайт. Билим берүү чөйрөсүнө жана гуманитардык илимдерди өнүктүрүүгө кошкон салымын өзгөчө белгилейбиз", — деп айтылат маалыматта.


Аппарат келечекте "Ачык коом институту" системасы менен конструктивдүү кызматташууну улантууга үмүт кыларын кошумчалады.


Эске салсак, "Сорос-Кыргызстан" фонду кечээ өлкөдө ишмердүүлүгүн токтотуп жатканын билдирип, буга коммерциялык эмес уюмдар тууралуу жаңы мыйзамдын кабыл алынышы себеп болгонун билдирген.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн