Бугу 16, 2024
Убакыт: 07:00
USD
88.40
89.30
EUR
95.30
96.30
RUB
0.960
0.980

Президенттин тапшырмасы менен Сары-Челек коругунун жолун оңдоп, асфальт төшөө пландалууда

22.06.2023 19:37
841
Президенттин тапшырмасы менен Сары-Челек коругунун жолун оңдоп, асфальт төшөө пландалууда


Сары-Челек коругунун жолун оңдоп, асфальт төшөө пландалууда. Бул тууралуу транспорт жана коммуникациялар министри Тилек Текебаев социалдык тармактагы баракчасына жазды.

Ал президент Садыр Жапаровдун тапшырмасынын негизинде Жалал-Абад облусуна жасаган иш сапарынын алкагында Сары-Челектин жолунун абалы менен жеринен таанышып чыккандыгын билдирди.

"Өзүнүн уникалдуу, кооз жаратылышы менен таанылып, миңдеген туристтер көрүүгө ашыккан Сары-Челектин жолу жылына кеңейтилип, оңдоп-түзөө иштери жүргүзүлүп келет. Албетте, өлкөнүн туристтик потенциалын өнүктүрүү үчүн биринчи кезекте инфраструктураны жакшыртып, жаратылышы керемет жети дубанды көрүүгө келген конокторго жакшы шарт түзүү маанилүү.

Мындан улам, мамлекет жетекчисинин демилгеси менен айыл аралап, асман тиреген тоолордун койнунда мелтиреп жаткан көлүбүзгө барчу жолго асфальт төшөө пландалууда", - деди ал.

Министр өзгөчө коргоодо турган кереметүү Сары-Челек коругунун жолун оңдоодо жергиликтүү калк менен келген коноктордун каалоосун эске алынарын кошумчалады.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн