Президент Садыр Жапаровдун иниси Улан Жапаров 26-сентябрга чейин камакта калмай болду. Мындай өкүмдү Биринчи май райондук соту чыгарды.
Эскерте кетсек, 32 жаштагы Улан Жапаров Садыр Жапаровдун атасынын бир тууган инисинин баласы Ракымжан Жапаровдун уулу. Ал ишкерлер менен бажычылар аралашкан мыйзамсыз ишке тиешеси болгон деп шектелип, 6-июлда ИИМ тарабынан кармалып, камакка алынган.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн