Бугу 19, 2024
Убакыт: 03:14
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Пригородное айылындагы фермада 223 бука жана 20 миң түк чөп күйүп кетти (видео)

Пригородное айылындагы фермада 223 бука жана 20 миң түк чөп күйүп кетти (видео)


Кечээ, 17-июлда Аламүдүн районунун Пригородное айылында фермадан чыккан өрттөн  223 бука жана 20 миң түк чөп күйүп кетти. Бул тууралуу ӨКМнин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, өрт чалган ферманын жалпы аянты болжол менен 2000 чарчы метрди түзгөн.

Өрттү өчүрүүгө Өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары полковник Урматбек Шамырканов жетектеген ыкчам топ, Бишкек шаардык №8 АӨКБдан 1 бөлүм, Биринчи Май райондук №4 ӨКБдан 2 бөлүм, Свердлов райондук №2 ӨКБдан 1 бөлүм, Свердлов райондук №3 ӨКБдан 1 бөлүм, Ленин райондук №6 ӨКБдан 1 бөлүм, Аламүдүн райондук №1 ӨКБдан 1 бөлүм, Бишкек шаардык №8 АӨКБдан 1 суу ташуучу унаа, өрт өчүрүү Штабы, ККББдан КБП унаасы менен ыкчам топ тартылган.

Мындан сырткары КР ИИМ аймактык тескөөчүсү, “Жашылдандыруу” муниципалдык ишканасынан 2 суу ташуучу унаа, “Газ чарба” кызматынан 1 бригада, РЭТтен 1 бригада тартылган.

Алардын жардамында өрт түнкү саат 2:03тө чектөөгө алынып, учурда толук өчүрүү иштери жүргүзүлүүдө. Өрттүн себеби жана келтирилген материалдык чыгым такталууда. 


Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн