Бугу 14, 2024
Убакыт: 14:24
USD
88.40
89.30
EUR
95.00
96.00
RUB
0.955
0.980

Профсоюздар үйүндө мушташ чыгып, 5 киши сабалды (ВИДЕО)

04.01.2021 11:11
3819
Профсоюздар үйүндө мушташ чыгып, 5 киши сабалды (ВИДЕО)


4-январда Профсоюздар федерациясынын үйүндө жаңжал чыкты.


Белгисиз адамдар Профсоюз үйүнүн  төрагасы Сагынбек Бозгумбаевден жумуш ордунан кетүүсүн талап кылышкан. Ала Бозгумбаевге кылмыш иши козголгонун айтышты.


Окуя болгон жерге Патрулдук милиция кызматынын кызматкерлери келип, элди тынчтандырууга аракет кылышкан. Натыйжада, алар Бозгумбаевди сыртка алып чыгууга аргасыз болушкан.


Көчөдө Профсоюз башчысы бүгүн, 4-январда эртең менен жумушка келгенин, бирок белгисиз адамдар аны киргизбей койгонун айтты. Бозгумбаевдин айтымында, чогулгандардын профсоюздар федерациясы менен эч кандай байланышы жок.


Ал 2020-жылы 25-декабрда конгрессте Профсоюз федерациясынын төрагасы болуп шайлангандыгын эскерди.


Патрулдук милиция кызматкерлери билдиргендей, тергөө-ыкчам тобу аталган жерге жөнөп кетишти.


Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн