13-октябрда Астана шаарында болуп өткөн Россия Федерациясынын президенти Владимир Путин, Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаров жана Тажикстан президенти Эмомали Рахмондун үч тараптуу жолугушуу боюнча Владимир Путин пикирин билдирди.
Анын айтымында, жолугушууда жакында эле куралдуу кагылышуу болгон өлкө башчыларын бир пикирге ынандыруу оор болгон.
"Тажикстан жана Кыргызстан чек ара маселесин чечүүдө дипломатиялык жолду гана тандашы керек.
Жолугушуудан кийин эки тарап мындан ары куралдуу кагылышууга жол бербөө үчүн болгон аракетин жасайт.
Россия болсо тарыхый документтер жана карта менен эки өлкө ортосундагы чек араны чечүүгө жардам берет",- деди президент Путин.
Пикирлер (1)