Бугу 09, 2024
Убакыт: 10:27
USD
88.50
89.40
EUR
94.80
95.80
RUB
0.955
0.975

РКӨФ 2023-жылы Кыргызстанда 160 млн долларлык долбоорлорду инвестициялады

09.01.2024 15:31
344
РКӨФ 2023-жылы Кыргызстанда 160 млн долларлык долбоорлорду инвестициялады


2023-жыл Россия-Кыргыз өнүктүрүү фонду үчүн бардык көрсөткүчтөр боюнча рекорддуу жыл болду, деп билдирет уюмдун басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, РКӨФтун тарыхында биринчи жолу бекитилген бюджет дээрлик 30%га аткарылып, 128 млн доллардын ордуна 160 млн доллар турган долбоорлор инвестицияланды. Фонддун бүтүндөй ишмердүүлүгүндө бул жыл каржылоонун көлөмү боюнча рекорддуу болуп, мурунку жылдардын көрсөткүчтөрүнөн эки эсеге көп болду. Жалпысынан алганда акыркы үч жылда фонд КРнын экономикасына 265 млн доллардан ашуун инвестиция жасаган. Бул фонд иштеп баштагандан тарта бөлүнгөн бардык каражаттын 40%зы.

2023-жылы РКӨФтун колдоосу менен 20дан ашуун ири долбоорлор ишке кирди. Акыркы үч жылдын ичинде мындай 45 долбоор чогулуп, 82 жаңы буйрутма жактырылган. Салыштыруу үчүн айта турган болсок, 2015-жылдан 2021-жылга чейин мындай 75 долбоор жактырылган.

Өтүп бара жаткан жылы РКӨФ төмөндөгүдөй мега долбоорлорду ишке ашырууга киришти: “Терек Таш” ЖЧКсынын цемент заводунун (каржылоо өлчөму- 45 млн доллар, инвестицияынын көлөмү - 160 млн доллар) курулушу, “Куланак” ГЭСи (44 млн доллар, инвестиция - 130 млн доллар) жана “Асылташ” ЖЧКсынын керамикалык такта заводу (25 мн доллар, инвестиция - 35 млн доллар).

Фонд жалпы кубаттуулугу 161 мегаватт болгон ГЭСтер курулушунун 8 долбоорун каржылайт. Андан сырткары азык-түлүк тармагы боюнча долбоорлор каржыланууда. РКӨФ жардам көрсөткөн өндүрүшчүлөр өлкө калкы керектеген эң зарыл товарлардын 20дан 80%га чейинкисин жабууда.

РКӨФ социалдык долбоорлорду да унутта калтырбайт. Быйыл 1750 окуучуга ылайыкталган 5 билим берүү мекемеси ишке берилди. Кызыл-Кыяда жана Таласта заманбап медициналык-диагностикалык борборлор, ал эми Бишкек шаарында – балдар кардиохирургиялык бейтапканасы ачылды.

"Президент менен министрлер кабинети экономиканы жана биздин жашоонун бардык чөйрөлөрүн өнүктүрүү жана модернизациялоо боюнча амбициялуу тапшырмаларды коюшту. РКӨФ бул стратегиялык максаттарга жетүүнүн аракетинде болот. Биз реиндустриализация жана өндүрүш тармагындагы ири долбоорлор программасына өзгөчө көңүл бөлөбүз.

Бул аралыкта фонд өлкө экономикасына чоң салымын кошо алды. Алдыда мындан да чоң пландарыбыз бар. Ишибиз натыйжалуу болушу үчүн колдон келген аракетибизди жасай беребиз", – деди РКӨФ башкармалыгынын төрагасы Артем Новиков.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн