Чын курандын 27, 2024
Убакыт: 02:15
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.955
0.980

Раим Матраимовдун бажыдагы коррупциялык схемасына тиешеси бар 40тай адам аныкталды, - УКМК

19.10.2020 12:31
1791
Раим Матраимовдун бажыдагы коррупциялык схемасына тиешеси бар 40тай адам аныкталды, - УКМК


Учурда УКМК тарабынан Мамлекеттик бажы кызматынын төраганын мурунку орун басары Р.Матраимов жана башка кызматтык адамдар тарабынан түзүлгөн коррупция фактысы боюнча сотко чейинки териштирүү иштери уланууда. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди. 


Маалыматка караганда, тергөө органдары тарабынан Р.Матраимовдун жакын айланасына кирген жана жогоруда айтылган коррупциялык схемага тиешеси бар 40ка жакын адам аныкталды.


"Азыркы тапта алардын жүргөн жери аныкталды. Ошол эле учурда алардын коррупциялык схемага канчалык деңгээлде катыштыгы бар экендигин тактоо боюнча активдүү иш аракеттер жүрүп жатат.


Сотко чейинки териштирүүнүн алкагында Мамлекеттик бажы кызматынын ишмердүүлүгүн текшерип, мамлекетке келтирилген чыгымды эсептөө жана схемага тиешеси бар адамдарды аныктап, жоопкерчиликке тартуу багытындагы тиешелүү ыкчам-тергөө иш чаралары жүргүзүлүүдө", - деп айтылат маалыматта. 

Теги

Пикирлер (1)

Коопсуздук коду
Сабыр Тилегенов
40 адамдын тизмесин сыгарсаңар