Чын курандын 23, 2024
Убакыт: 21:01
USD
88.90
89.70
EUR
94.60
95.60
RUB
0.945
0.960

Равшан Сабиров: "Асман" шаарын куралы деп президентти мен көндүрдүм

15.01.2022 09:38
1745
Равшан Сабиров: "Асман" шаарын куралы деп президентти мен көндүрдүм

"Асман" шаарын куралы деп президентти мен көндүрдүм. Мындай пикирин Жогорку Кеңештин депутаты, президент Садыр Жапаровдун мурдагы кеңешчиси Равшан Сабиров "Би-Би-Сиге" берген маегинде билдирди.


Анын айтымында, "Асман" шаары курулса Кыргызстан Борбор Азияда туризм борбору болуп калат.


"Бизге бир нече өлкөдөн инвесторлор келди алар менен сүйлөштүк. Түркиянын вице-президенти келди, Дубайдан бай инвесторлор келди. Алар менен сүйлөштүк, макулдаштык. Биз өзүбүздүн ушундай пландарыбызды айттык алар колдоду. Президент Садыр Жапаровду дагы мен көндүрдүм.


Азыркы күндө мен президенттин кеңешчилигинен кеткенден кийин долбоор токтоп турат эле. Азыр кайра Акылбек Жапаров Тимур Файзиевди мамлекеттик дирекциянын башчысы кылып дайындагандан кийин жандана баштады.

Эми ал жерде шаар куруудан мурда өтө иш көп кантип курулуш керек, канча кабат курганга болот булардын баарын эл аралык адистер менен кеңешип жасаш керек",- деди Сабиров.

Пикирлер (1)

Коопсуздук коду
Тилекбай
Бул өтө эле эбегейсиз чоң проект, Кумтөрдүн кейпин кийип калышыбыз мүмкүн.