Бугу 05, 2024
Убакыт: 06:16
USD
88.70
89.60
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.975

Равшан Жээнбековдун карындашына коррупция боюнча кылмыш иши козголду

08.02.2022 10:30
414
Равшан Жээнбековдун карындашына коррупция боюнча кылмыш иши козголду

Саясатчы Равшан Жээнбеков карындашы Мира Жээнбековага Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети  кылмыш ишин козгоду. Бул тууралуу Жээнбеков социалдык тармактагы баракчасына жазды.


Маалым болгондой, Мира Жээнбековага коррупция беренеси боюнча иш козголгон.


"Карындашым Мира Жээнбековага УКМК  “Коррупция” боюнча иш козгошуптур. Азыр эле сурактан келди",- деп жазган Жээнбеков.


Мындан сырткары, ал анын башка карындашын да кызматтан алганын билдирип, бул аракеттер оппозициянын оозун басуу деп эсептейт.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн