Равшан Жеенбековдун жубайы Салкынай Алимбаева камакта калтырылды. Бул тууралуу Бишкек шаардык сотунун басма сөз кызматы билдирди.
Анын айтымында, соттук коллегия Бишкектин Биринчи Май райондук сотунун С.Алимбаеваны эки айга УКМКнын СИЗОсунда калтыруу чечимин күчүндө калтырды.
Эске салсак, Жогорку Кеңештин экс-депутаты Равшан Жеенбековдун жубайы УКМКнын СИЗОсуна киргизилген. Ал коррупцияга шектелүүдө.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн