Чын курандын 18, 2024
Убакыт: 09:44
USD
89.10
89.87
EUR
94.70
95.70
RUB
0.935
0.960

Райым Матраимов 2 миллиард сом өлчөмүндө келтирген чыгымды төлөгөнгө даяр, - УКМК

20.10.2020 18:44
3653
Райым Матраимов 2 миллиард сом өлчөмүндө келтирген чыгымды төлөгөнгө даяр, - УКМК



Ушул жылдын 20-октябрында бажы органдарындагы коррупция фактысы боюнча сотко чейинки териштирүүнүн алкагында, Коррупцияга каршы кызматы тарабынан мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын мурунку орун басары Р.Матраимовдун жүргөн жери аныкталып, УКМКга алынып келинген.


УКМКнын маалыматына караганда, жүргүзүлгөн тергөө иш-чараларынын алкагында Р.Матраимовдун кылмыштуу иш аракеттеринин жыйынтыгында республикалык бюджетке алдын ала 2 миллиард сомго жакын чыгым келтирилгендиги аныкталган.


Р.Матраимовдун күнөөсүн аныктаган далилдердин негизинде, ага КР Кылмыш-жаза кодексинин 319-беренеси (Коррупция) боюнча кылмышка шектүү экендиги тууралуу билдирме берилген.


Белгилей кетсек, Р.Матраимов тергөө менен кызматташа тургандыгын айтып, Кыргыз Республикасынын бюджетине келтирген, жогоруда айтылган сумманы толугу менен атайын түзүлгөн графиктин негизинде 2020-жылдын ноябрь айынын аягына чейин төлөп берүүгө даяр экендигин билдирди. Аны менен катар алгачкы 80 миллион сом өлчөмүндөгү акча каражатын УКМК депозиттик эсебине которду.


Бүгүн Бишкек шаардык Биринчи май райондук соту тарабынан Р.Матраимовдун тергөө менен кызматташтыкка барганы жана келтирилген чыгымдын бөлүгүн төлөгөндүгүн эске алуу менен анын баш коргоо чарасы каралат.


УКМК Бажы органдарындагы коррупциялык схемалардын башка катышуучуларын аныктап, мамлекетке келтирилген чыгымдарды кайтаруу чаралары менен бирге жоопкерчиликке тартуу багытындагы иш аракеттерин улантат.

Пикирлер (2)

Коопсуздук коду
Жыргалбек
Кунолурор жоопко тартылсын
Сабира Султанова
Аз бул сумма канчалаган байлыгы толуп жатат Турция дагы бир эле уйун сатса 2мил дан агат толосун дагын
Талайгуль Жакыпова
Бул акчалар Раим учун бир эле тфу деген тукуругу, бул жалгыз эмес Жан жокерлерин и бир туугандарын кустурушса кытайдын карызын жалгыз эле Матраимовдор толоп коюшат