Ош облусунун Кара-Суу районуна караштуу Савай айыл өкмөтүнүн башчысы, Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун өкүл баласы Мунарбек Сайпидиновду УКМКнын Оштогу башкармалыгы кылмышка шектүү катары 11-январда кармаганы белгилүү болду. Бул тууралуу "Азаттык" үналгысы жеке булактарына таянуу менен жазып чыкты.
Маалыматты Сайпидиноа атайын кызматтын убактылуу кармоочу жайына киргизилгени маалым болду.
Сайпидиновдун кармалып, эки күнгө камакка алынганын жергиликтүү сайттар да жазып чыгышты.
Анын өзүнүн уюлдук телефону өчүк болгондуктан байланышууга мүмкүн боло элек. Сайпидиновдун Интернеттеги социалдык тармактардагы баракчаларында да кечээтен бери активдүүлүк байкалган эмес.
УКМК азырынча Сайпидиновдун кармалышы жөнүндө маалымат тарата элек.
Мекеме ноябрь айында Матраимовдун өкүл баласынын үйү тинтүүгө алынып, анын ишмердиги текшерилип жатканын кабарлаган.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн