Тогуздун айы 21, 2025
Убакыт: 04:08
USD
87.30
87.80
EUR
101.50
102.50
RUB
1.065
1.110

Раззак Бейшекеев Азия чемпионатында күмүш медалга ээ болду

27.03.2025 10:00
2649
Раззак Бейшекеев Азия чемпионатында күмүш медалга ээ болду


Спортчу Раззак Бейшекеев грек-рим күрөшү боюнча Азия чемпионатында күмүш медалга ээ болду.


Финалда ал ирандык Олимпиада чемпиону Саид Эсмаили менен беттешип, 0:3 эсебинде утулду. Мурдараак япониялык Катсуоки Эндону жеңип, өткөн Азиялык оюндагы жеңилгенинин "өчүн" алган.


Бул — Кыргызстандын Азия биринчилигиндеги алгачкы күмүш медалы. Мурдараак куржунга бир коло медаль түшкөн.


25-мартта Иорданиянын Амман шаарында өтүп жаткан бул чемпионат 30-мартта аяктайт. Ал грек-рим, кыз-келиндердин жана эркин күрөш боюнча болууда. Кыргызстандан бул таймашка 27 спортчу аттанган.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн