Чын курандын 23, 2024
Убакыт: 12:45
USD
88.90
89.70
EUR
94.60
95.60
RUB
0.945
0.960

Раззаков шаарында милициянын көчмө кабылдамасы түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө

11.10.2022 14:25
532
Раззаков шаарында милициянын көчмө кабылдамасы түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө


 Лейлек РИИБнин милициянын аймактык тескөөчүлөрү Лейлек РИИБнин көчмө кабылдама унаасы менен Лейлек районунун И. Раззаков шаарындагы жайма базарларды кыдырып, элдерди кабыл алып, кылмыштуулукту болтурбоо, ар түрдүү чөнтөк уурулугун, ошондой эле мал уурулуктун алдын алуу максатында сарайларына жарыктандыруу видео байкоолорду орнотуу, эшиктерин бекемдөө боюнча профилактикалык иштерди жүргүзүүдө.  Бул тууралуу Баткен ОИИБнын Басма сөз кызматы билдирди.


 Жергиликтүү тургундарга коомдук тартипти сактоо, кылмыштуулуктун алдын алуу, өспүрүмдөрдүн коопсуздугун көзөмөлдөө, айрыкча чек ара аймактарында жашаган тургундардын мал-жандыктарын талаада кароосуз калтырбоо жагы эскертилди.


 Милициянын көчмө кабылдамасы кыдыруу учурунда ар кандай социалдык маселелер көтөрүлүп, жеринде чечилди.

 

Чек ара аймактарында жашаган элдин коопсуздугун сактоо максатында Лейлек РИИБнин милициянын аймактык тескөөчүлөрү Лейлек РИИБнин көчмө кабылдама унаасы менен кайгуулдарды уюштуруп, күнү-түнү кызмат өтөп жаткандыгын, элди дүрбөлөңгө салган маалыматтарды тактоо боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө. 



Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн